“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Мыкты мекеме-2018» наамы Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө берилди.

2 Февраль 2019 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 224

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы болуп өттү.

Райондогу кырк төрт  мекеменин ичинен жылдын мыкты мекемеси наамын Базар-Коргон районунун билим берүү мекемеси алды. Мекемени Усенов Тыныч Жумабекович жетектеп келет.

Базар-Коргон райондук билим берүү мекемеси жыл ичинде көп иш чараларды өткөрдү. Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эң жогорку деңгээлде ар бир мектеп иш алып барды.

Мындан сырткары мугалимдерди билимин жогорулатуу курсттарына жөнөтүп, алардын тажрыйбаларын кеңейтип келет.

Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракесине арналган марафондо да билим берүү мекемелери чоң салым кошушкан.

Зордук-зомбулук, кылмыштуулук боюнча да тегерек стол, семинарларды өтүп келишти.

Райондогу мектептер менен биргеликте инвестиция тартуу да жогорку деңгээлде тартылган.

Ал эми билим берүү жагынан алганда областта үчүнчү орунда болуусу чоң жетишкендик.

Райондо өткөн ар бир майрам «Нооруз», 31-август Эгемендүүлүк күнүнө арналган бир нече иш чаралар билим берүү мекемесинин көмөктөшү менен өтүп келүүдө.

Илим-окуу булагы,

Билим-өмүр чырагы деп кыргыз элинин макалында айтылгандай бул сыймыкта тажабаган кажыбас, жоопкерчиликтүү эмгектери менен Билим берүү тармагындагы ар бир кызматкердин, ар бир мугалимдин, тарбиячынын салымы зор.

Бул наам талыкпаган эмгектердин, үзүрлүү иштердин, мыкты жетекчинин жетишкендиги.

Даярдаган:   Камбарали кызы Гүлназ.