Юсаиддин «Келгиле окуйбуз» долбооруна Базар-Коргон районунан 33 мектеп тартылды.
Мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары, китепканачылар жана башталгыч класстардын мугалимдери 72 сааттык өлчөмдө 2 жылга жакын Базар-Коргон районундагы Ө.Атабекова гимназия иновациялык мектебинде окутушту.
Долбоордун материалдарын улуттук тренерлер окутуп жатышты.
Түштүк регионунун координатору Самара Юлдашевага Базар-Коргон районун мугалимдери раазычылык билдиришти.
«Окуучунун окуу көндүмүн өстүргөн бул долбоор өтө пайдалуу жана натыйжалуу болуп, өзгөчө өзбек мектептериндеги ачылган кыргыз класстарына, орус класстарына методикалык чоң жардам болуп бере алды»-деп билдирди улуттук тренер, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Жаркын Маматова.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ