“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Тушоо кесүү тою

29 Январь 2019 жыл 19:56
Көрүүлөрдүн саны: 875

Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Бала тамтаң -тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Яоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн.

Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.

Бул тойго той багкаруучу дайындалат. Тойго келген конокторду жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат.

Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10-15 метр алысытыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучу белги бергенде, жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет. Тушоону ким биринчи келсе ошол кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.

Андан кийин ата-энеси даярдап койгон чачыла чачылат. Чачыланы тойго катышкандар талап кетишет. Чачыла деп момпосуй, кант, боорсок ж.б. ушул сыяктуу нерселер.

Ошентип балдар тушоосу кесилген бөбөктү колтуктай кармап тай-тайлап жетелеп, «Сен да биздей жүгүрүп жүргүн!»-деп калоо тилелектерин айтышат. Ошентип, тушоо кесүү тою аяктайт.

Даярдаган: Адилет Канат уулу.