“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Менталдык арифметика Ооган-Талаа айылында.

29 Январь 2019 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 46

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Менталдык арифметика» боюнча ата-энелерге түшүндүрүү жыйналышы болду. Жыйналышка мектепте окуган окуучулардын ата-энелери, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нуралиева Нургул келип, менталдык арифметика боюнча видеолор, слайддар аркылуу бул программанын канчалык окуучуга кереги бар экендигин түшүндүрдү.

«Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими жаш адис Садыков Шахрух атайын конкурстан өтүп, окуучуларга сабак бере турганын, ал конкурс тест, логикалык, психологиялык жактан сынап көрүп, анан мугалим тандалгандыгын айтып өттү»-Нуралиева

Мектептин директору Давлет Омурзакова -«Бул программаны колдойм, келечек үчүн балдарыбызды билимдүү, илимдүү тарбияласак демек биздин бактыбыз ошол, ошондуктан келгиле балдарды менталдык арифметикага окуталы.»

Жыйналышка келген ата-энелер балдарын менталдык арифметикага жаздырып кетишти.

Даярдаган:   Гүлназ Камбарали кызы