“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Колдо жасалган оюнчук машина

29 Январь 2019 жыл 19:37
Көрүүлөрдүн саны: 297

Базар-Коргон районуна караштуу Гүмкана айылынын 10-классынын окуучусу колдо оюнчук машина жасады. Бул жөнүндө Хамдам Гапуржанов менен маек курдук.

Бул машинаны чогултуш үчү 4 саат убакыт кеткен. Эң эле кызыгы бул машина өзү жүрүп жана жарыктандыргычтары ар кандай түстө жарык берет.

Бул машинаны чогулткан Хамдам Гапуржановтун айтымында,

«Мен бул машинаны озум эле эмес иним экөөбүз жасадык. Муну жасаш үчүн 4 саат убакыт кетти. Жөн эле өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн гана жасаганбыз.»-деди Гапуржанов.

Машинаны темирден жана оюнчук машиналардын калдыктарынан жасаган. Бул машина көпкө чейин өз алдынча жүрө алат.

Мындай машинаны жасоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Даярдаган: Адилет Канат уулу.