“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Атам , апам жана мен спорттук мелдеши.

25 Январь 2019 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны: 268

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 25-январь күнү «Атам, апам жана мен» аттуу спорттук мелдеш өттү.

Мелдешке 2-3-4-класстарынын ата-энелери катышты. Спорттун ар түрдүү оюндары эстафеталык чуркоо, кап менен чуркоо, топ менен чуркоо боюнча жарышышты.

«Спорттук оюн бизде дайыма болот. Атам, апам жана мен спорттук оюнунун негизги максаты мектеп менен ата-эненин ортосундагы байланышты күчөтүү. Бүгүн биз өз максатыбызга жеттик.»- деп билдирди дене тарбия мугалими Эгембердиев Хасан.

 Байзаков Улан-«Мага бүгүнкү оюн аябай жакты. Жаш мезгилибиздеги оюндарды кайрадан ойнодук. Мындан сырткары балдарыбыз менен кошо ойноо аябай кызыктуу экен.»

Жеңишке жеткен класстар грамоталар менен сыйланды.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы