“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Анакыз Жумабаева мектебиндеги эң жакшы сабак.

25 Январь 2019 жыл 12:28
Көрүүлөрдүн саны: 117

Анакыз Жумабаева атындагы №44 жалпы билим берүү мектебинде «Дүйнөнү курчап турган Жаңы жыл» аттуу ачык саат өтүлдү.

Сабакты англис тил мугалими Аскарова Гулжан Шараповна аябай кызыктуу, көрсөтмөлүү өтүп берди. Англия, Кытай, Япония мамлекеттеринде Жаңы жыл майрамын кантип тосушаарын англис тилинде түшүндүрүп, бышыктады.

Сабакка мектептин мугалимдери катышып, сабактын өзгөчө жактарын белгилеп кетишти.

Көчөрова Зиягүл-«Мен бул сабактан өзүмө керектүү көп тажрыйба алдым. Сабак кызыктуу, таасирлүү, интерактивдүү болду».

Даярдаган:   Камбарали кызы Гүлназ