“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Күрөшкө кызыккан окуучунун көйгөйү.

21 Январь 2019 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны: 71

Мектеп окуучулары күрөшүү үчүн атайын маттын жоктунан карда күрөшүп келишет.

Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчыларына Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин өзүн-өзү башкаруу парламентинин башчысы, 11-классынын окуучусу Алиев Сыймык кайрылды.

Алиев-«Мектепте спорттун түрү күрөш боюнча кызыккан окуучулар аябай көп. Заманбап спорт залыбыз бар. Бирок күрөшүү үчүн атайын маттын жоктугунан балдар күрөшө албай келишет. Кыш мезгилинде болсо окуучулар карга күрөшүшөт.»

Дене тарбия мугалими Шакиров Асан — «Күрөшкө көп окуучу кызыгат. Атайын маттын жоктугунан күрөшүү кыйындыкка учурайт. Эң башкысы баланын ден-соолугу болгондуктан каттуу жерге күрөштүрбөйбүз. Бизге мат абдан керек.»

«Биз окуучулар Ооган-Талаа айылынын тургундарынан демөөрчү издеп жатабыз. Айылда спортту бирге өнүктүрөлү. Келгиле кыргыз күрөшүн жандандыралы, өз жардамыныздарды бериңиздер»- деп билдирди Сыймык Алиев.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу, Саитжанова Аймэрим.