Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жаш кабарчылары үчүн клип тартуу сынагы жарыяланды.
Бул долбоорду Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координатору Токтобаев Мараттын жеке демөөрчүлү менен ишке ашырылып жатат.
«Клип тартуу менен кабарчылар видеого тартууну, аны монтаждоону үйрөнүп жатышат»деди Токтобаев.
Токтобаевдин айтымында-«Кабарчылар экиден болушуп клип тартышат. Тартылган видео монтаждалып болгондон кийин мектептин окуучуларына көрсөтүлүп, окуучулар добуш аркылуу жеңүүчүлөрдү тандап алышат. Жеңүүчүлөр атайын даярдалган белектер менен сыйланат».
Бул сынактын катышуучусу Аймээрим- «Биз клипке окуучулар арасында кастинг өткөрүп, тандап алып, видео тартууну баштадык. Аябай кызыктуу болуп жатат».
Сынактын жыйынтыгын сөзсүз сиздер менен бөлүшөбүз. Дайыма Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору менен болуңуздар.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.