“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жарыктандырылган айылдар.

18 Январь 2019 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 145

Могол айыл аймагындагы жети айылдын көчөлөрүнө жарыктандыруу коюлду.

Чкалов, Правда, Кызыл-Суу, Ооган-Талаа, Кок-Тонду айылдарына жогорку кеңештин депутаты Нышанов Сайдилла атайын долбордун негизинде акча бөлдүрүп берген.

Могол айыл округунун башчысы Турдукулов Эркин Нурдинович- «Жалпысынан көчө жарыктандыруусуна эки миллион акча жумшалды».

Кара-Ой айылына 20жерге,  Көк-Тондуга 6 жерге, Чарбак айылына 86 жерге, Кызыл-Суу айылына 13 жерге, Ооган-Талаа айылына 30 жерге жарыктандыруу коюлду. Атайын мамлекеттик экоинспекциясынан, Кыргыз электро ишканаларынан уруксат кагаздары алынды.

«Ооган-Талаа айылында көчөлөргө жарыктын коюлуусу аябай жакшы болду. Көчөлөр жарык болуп калды»- деп билдирди Ооган-Талаа айылынын тургуну Саркарова Роза.

Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан, Саитжанова Аймээрим.