Ооган-Талаа айылында үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды сатуучу дүкөн иштей баштады.
Дүкөндү жеке ишкер Мурзакаримов Рустам Искендеровичтин жеке демилгеси менен ачып, ишке киргизди.
«Ооган-Талаа айылында үй тиричилигене керектүү буюмдарды тактап айтканда муздаткыч, электр мештери, телевизор, кир жуугуч машина ушул сыяктуу буюмдар сатылууда. Правда Чарбак, Көк-Алма, Кара-Ой, Ооган-Талаа айылдарында мындай дүкөндүн жоктугунан «Могол»айыл аймагынын эли районго барып алышчуу. Аны алып келүүдө эки эсе көп чыгымга учурап келишкен. Ушул көйгөйдү эске алып мен Ооган-Талаа айылына дүкөн ачтым»-деп билдирди Мурзакаримов.
Рустам Искендерович-«Негизи менин максатым элди арзан, сапатту үй тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу жана жеткирип берүү болду»
Мындан сырткары уюлдук телефондор, флешкалар, музыка аппараттары, антенна да сатылат.
Самидинова Зарина «С.Далбаев атындагы гимназия мектебине заманбап телевизорлорду коюу демилгеси колдонуп,биз райондун базарына барбай эле ушул дүкөндөн 4 телевизор алдык.»
Азыркы күндө дүкөн МКК «Мол Булак» менен келишим түзүп, элге насыяга уюлдук телефондорду, үй тиричилигине керектүү буюмдарды берип жатат.
Айыл тургуну Оспанова Гүлзат — «Бул дүкөн иштеп элге жакшы болду. Насыяга үй тиричиликке керектүү бумдарды алууга да ыңгайлуу. Алып келүү үчүн ашыкча чыгым да жок».
Жеке ишкер Мурзакаримов Рустам «Алдын ала да буйрутма менен бумдарды алып келем. Каалоочулар 0777777085 номерине чалып буйрутма берсе болот»- деп билдирди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ