Ооган-Талаа айылында 10-январда кыргыз оюну көк бөрү болуп өттү.
Оюнга Көк-Алма, Чарбак, Чкалов, Ооган-Талаа айылдарынан келип катышышты.
«Бүгүн аябай кызыктуу көк бөрү оюну болду. Кыштын сууктугуна карабай оюнчулар кызуу ойноп жатышты. 3 саатка созулган оюндун соңунда жеңүүчүлөр баш байгени алышты. Баш байге акчалай берилди»- деди оюнчу Божуев Эламан.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу