Бүгүн 9-январда Базар-Коргон районундагы мектептеринде иштеген мугалимдер үчүн секциялык иштердин жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышка 67 мектептин ар түрдүү сабактарды окуткан мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов жетектеген окуу усулдук борборунун адистери Маматова Жаркын, Ибраимов Илман жана башка методистер катышышты.
Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучулары үчүн Кыргызбаева Назгүл Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин уюштуруучусу «Адепсиздик кылмыш-кылмыштын акыры жаза»аттуу ачык тарбиялык саат өтүп берди.
«Сабакта окуучулар арасындагы рекэтчиликти көрүнүш аркылуу мугалимдер көрсөтүп, азыркы кездеги окуучунун ролун ойношту»- деп билдирди Кыргызбаева.
Назгүлдүн бүгүнкү сабагында өзгөчө :
«Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да, төрдө олтуруп сый табат.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да, төө үстүнөн ит кабат.
Майда кылмышты жазаласаң-чоң кылмыштын алдын аласын.
Балдарга мээримибиз, бактылуу келечегибиз.
Өсөрүбүз да өчөрүбүз да тарбиядан» деген макал, накыл сөздөрү өзгөчө жакты, көп маанини билдирген сөздөрдөн чоң таасир алдым» деп билдирди Аскарова Гүлжан Шараповна.
Мугалимдер арасын жогорудагы тема боюнча кызуу талкуу болду.
Окуучулар, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жолдору боюнча пикир алмашышты.
Назгүл эжекенин айтымында-«Мага биздин секция башчыбыз Гуля Эрмаматова бүгүнкү жыйналышта сабак өтүп бересин деп тапшырма берип, мен эң актуалдуу болгон «Адепсиздик кылмыш-кылмыштын акыры жаза» деген теманы тандап алып өтүп бердим».
Мындан сырткары «Адам сатуунун 100күндүк» иш чарасын өткөрүүдө мыкты деп саналган Жалал Асанов мектебинин иштерин жайылтуу максатында Маматсаева Алима Жакыповна кеңири түшүнүк берди.
Бүгүнкү секциялык иштердин жыйналышында, ар бир сабак боюнча мугалимдер ушул сыяктуу предметтерге байланыштуу ачык сабактарды өтүп беришти.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ