“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кышкы каникулду балдар кандай өткөрүүдө?

7 Январь 2019 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны: 350

Базар-Корон районуна караштуу Ооган-Талаа жана Кумкана айылында жашаган балдар кышкы каникулду  кандай өткөрүүдө? Бул боюнча биз жаш өспүрүм балдар менен маек курдук. 

Бул каникулда балдардын көбү колдоруна чараларын сүйрөп эшикке чыгып, ойноп жатышат. Ал эми кээ бирлери шарга, пансионаттарга барып эс алууда.


10-классынын окуучусу Сымбат Салмоорбекованын айтымында,

«Мага бул каникул жагып жатат десем жаңылышпайм. Мен бул каникулда айылда эле болдум.  Кээде эшике чыгып классташтарым менен чана тепкени барам. Анан дагы мектепке теннис ойногону барып турам»-деди Салмоорбекова.

Зияда Дөөлөтбек кызынын айтуусунда,

«Мен бул каникулда айылга келип эс алып жатам. Мага жагып жатат. Каникулду көбүнчө апама жардам берип кээде кино көрүп, китеп окуп өткөрүп жатканын»-билдирди Дөөлөтбек кызы.

Азыркы  учурда балдардын баары эшиктен кирбей, кыштын суугуна карабай кар атышып, чана тээп ойноп жатышат.

Даниель Өмүрзаковтун айтуусунда,

«Мен каникулда айылга чоң-энемдикине эс алганы келдим. Биз жакта 1-майда кар жок болчу. Бул жакта болсо кар бар экен. Чана тээп жыргап ойноп жатам. Мага аябай жагып жатат.

Ушундай эле Айдай Жапарованын да оюн угуп кордук,

«Мен быйылкы кышкы каникулда досторум менен тоого чыгып чана тептик. Анан дагы кардан кар киши жасадык. 31-декабрь күнү өзүбүздүн көчөдө чакан карнавал болуп өттү. Ал карнавалга коңшулардын баары чыкты. Биз 5кыз болуп башталышында бийлеп бердик. Бул каникул мага ушунусу менен жагат»-деди Жапарова.


Даярдаган: Адилет Канат уулу.