“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кызыл-Ай айылындагы «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясы.

20 Декабрь 2018 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 50

Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз»-аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.

Акцияга райондук администрациянын этностор аралык координациялык бөлүмүнүн башчысы Досов Эмил Исмаилович, райондук билим берүү бөлүмүнөн Дооронкулова Гүлмира баштаган топ келип катышышты.

Мектептин директору Сайтова Токтобү акцияны ачып берди.

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Маматсаева Алима Жакыповнанын айтымында «Азыркы мезилдеги эң актуалдуу тема болгон адам сатуу боюнча көп иш чараларды өткөрүп келебиз. Ошол жарыяланган иш чаранын жыйынтыктоочу акциясы бүгүн биздин мектепте болуп өттү».«Бул акциянын максаты баардык жарандарга, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болчу. Бизге эмгек жана сүрөт мугалими Акматова Кундуз аябай көмөктөштү. Анткени 1000 окуучусу бар мектептен эң татыктуу, мыкты сүрөтчүлөрдү тандап берди»-деп билдирди Алима Жакыповна.

«Биз адам сатууга каршыбыз» деген ураан менен окуучулар сүрөттөрдү тартышты.

Бүгүнкү акция жакшы таасир калтырды. Окуучулар тарткан сүрөттөрү бааланып, белектер менен сыйланды.

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ.