“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаңы Акман айылы «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов 90 жашта».

16 Декабрь 2018 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны: 44

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы Акман айылындагы  Палванов атындагы орто мектебинде да жогорку деңгээлде өттү.
Иш чараны мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Жусупбекова Тургунса Шукуровна уюштурду.«Биз жыл бою улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90жылдык мааракесин белгилеп келдик. Мына бүгүн «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов 90жашта» аттуу адабий кечебиз болуп өттү»-деп билдирди Жусупбекова.Тургунса Шукуровна-«Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын окуучулар эң жакшы аткарышып, ар бир каарман көрөрмандарга жеткиликтүү болду десем жаңылышпаймын»Кыргыз улуттук бийлер да коштолду.
Айтматовго арналган көркөм окууда 10-классынын окуучусу Эрбол мыкты деп эсептелип грамота менен сыйланды.

Мектептеги мугалимдер да адабий кечеге активдүү катышышты.

 

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ.