Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов» аттуу жыйынтыктоо кечеси болуп өттү.
Жыйынтыктоо кечеге ата-энелер,мугалимдер,Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Алыбаева Бактыгүл, мектептин окуучулары катышты. Бул кечеге бир жыл бою өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы, эң жакшы көрүнүш, кинотасма, көркөм окуу, ыр-бийлер коюлду- деп билдирди мектеп директору Д.Омузакова.
Мектептин соц.педагогу З.Самидинованын айтымында «Ар бир класска кол өнөрчүлүк боюнча тапшырма берилип Ч. Айтматовдун каармандарын жасоо болгон. Көргөзмөгө коюлган ар бир кол өнөрчүлүк өзүнчө керемет,баары эң жакшы жасалган.»
Окуучулар тарабынан атайын кинотасмалар тартылып, көрсөтүлдү.
10-классынын окуучусу Канат уулу Адилет, 11-классынын окуучусу Алиев Сыймык тарткан кинотасмалары эң мыкты деп саналып сыйлыкка ээ болушту.
Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы