“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өттү

7 Декабрь 2018 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны: 113

С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Чогулушка Базар-Коргон райондук администрациясынан Досов Э. Райондук аксакалдар кеңешинен, райондук имам катышып Могол айыл аймагындагы жети мектептин соц.педагогдору катышып, кызуу талкуу болду.

Окуучуларга суицид боюнча туура түшүнүк берүү, ар түрдүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун талкуулашты.

Райондук администрациясынан келген Эмилбек Досовдун айтымында азыркы миграция да өз таасирин тийгизип, балдар арасында сагыныч, кусалык да суицидге алып келет. Окуучуларга туура түшүнүк бергиле. Алар менен жылуу мамиледе болуп, окуучунун жүрүм-турумуна көз салып, кандайдыр бир өзгөчөлүктөр байкалса аны менен сүйлөшкүлө деп билдирди.

Жыйналышка келген соц.педагогдор тажрыйба алмашып кетишти.

Даярдаган:Камбарали кызы Гүлназ