Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Базар-Коргон районундагы мектептерде иш чаралар өтүп жатат. Мектептерде кароо сынактар, КВН, тегерек столдор өткөрүлүп, сүрөт сынактары Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалап жатышат.
«Окуучулардын кол эмгектеринин көргөзмөсү эң жакшы деңгээлде өттү»- деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Маматова Жаркын.
«Мындан сырткары №6 Б.Осмонов атындагы орто мектебинде чоң программадагы кече болуп өттү. Кечеге райондогу баардык мектептердин уюштуруучулары жана кыргыз тил жана адабиятты мугалимдери келип катышышты»- деди Маматова.
Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ