“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

C.Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Жаңгак фестивалы» болуп өттү.

29 Октябрь 2018 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны: 41

Могол жана Кызыл-Үнкүр айыл аймагында жайгашкан мектептер арасында «Жаңгак фестивалынын» зоналдык туру болуп өттү.

Швецария өлкөсү менен Кыргызстандын биргелешкен уюму тарабынан уюштурулган «Жаңгак фестивалы» 2017-жылы да болуп өткөн. Ошол фестиваль кайрадан башталып биринчи туру айыл аймактардагы мектептер арасында болду.

Фестивалга төрт мектептен келген окуучулар Арсланбоб токоюнда өскөн жаңгактардан жасалган буюмдар, мөмө жемиштер, жаңгак мөмөсүн, тамак-аштарды, уруктар, дары чөптөрдү коюшту. 

 

Калыстар тобу Давлет Омурзакова жана келген мектептердин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучулары баалоо учурунда.

Катышкан төрт командадан №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары биринчиликти алса, Кызыл-Үнкүр айыл аймагынан келген окуучулар экинчи орунду алышып, «Жаңгак фестивалынын» экинчи туруна жолдомо алышты.

 

С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин командасын даярдаган биолог мугалим Борбуева Жаңыл жана Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Камбарали кызы Гулназ » Жаңгак фестивалы» эң жакшы деңгээлде өттү. Командалар жакшы даярданып келишкен. Фестивалда ыр, бий, экалогияны коргоо боюнча көрүнүштөр көрсөтүлуп бааланды. Ошолордун ичинде эң жакшысы болуп биздин команда чыкканына аябай кубанычтабыз»- деп билдиришти.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу, Тажибеков Марлес