“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Тиркешов Полотбек атындагы мугалимдер канасы ачылды.

12 Октябрь 2018 жыл 13:51
Көрүүлөрдүн саны: 40

48жылдан бери эмгектенип келе жаткан Тиркешов Полотбек агайдын ысымы мугалимдер канасына берилди.

С.Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында иштеген ардагер агай Тиркешов Полотбектин ысымы мугалимдер канасына берилди.

 

Тиркешов Полотбек агай ыр жазат. Мектептин гимнинин автору, Ооган-Талаа айылым, Ооган-Талаа мектебим, Сатыбалды Далбаевге арноо жана көптөгөн ырлардын автору.

-Полот агай кабинетти жасалгалоодо ким демөөрчү болду?

Мен биринчиден мени сыйлап, урматтап ысымымды ушул канага берген эмгек жамаатыма, ошондой эле мектеп директорубуз Омурзакова Давлетке ыраазычылык билдирип кетейин. Кабинетти жасалгалоо уулдарымдын демөөрчулүгү менен болду.

-Жалпы жасалгалоого канча акча каражаты кетти?

-Жалпы занавеска, жасалгалоо банерлерине он миң сом акча жумшалды. Кабинеттеги  жасалгалар атайын мугалимдер үчүн колдонмолор менен толукталды. Дептерлер үчүн шкаф алынды.

Мугалимдер канасын жасалгалоого жардам берген Абитова Арапат, Камбарали кызы Гулназдарга чоон рахматымды айтып, ак батамды берем»-деп өз сөзүн аяктады Тиркешов Полотбек агай.

Дардаган: Тажибеков Марлес

Редактору: Мелисбек уулу Тимур