“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Темиров Апыш атындагы география кабинетти жаңыланып, жасалгаланды.

12 Октябрь 2018 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 301

С.Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясынын география кабинетти кайрадан ремонттон өтүп, жаңыланды.

Мектептеги география кабинетине көп жыл иштеп Кыргыз ССРнин Элге Билим Берүүнүн отличниги  Темиров Абдыкар(Апыш) агайдын ысымы берилген. Мектеп жаңыдан бүткөндө жасалгаланган кабинет, кайрадан жаңы, заманбап ремонттон өттү. Ремонт уулу Темиров Нурканбектин демөөрчүлүгү менен жасалды.

Жасалгалоону атайын бишкек шаарынан жасатып келип, классты Ооган-Талаа айылы түшүрүлгөн обой менен жармаштыртып, кооздолду.

Кабинет башчысы Токтогулова Алтынай:» Кабинет жасалгалангандан кийин жарык, кооз, таза болуп калды. Классыбыз менен биргеликте, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен телевизор, занавеска алынды. Негизинен кайниме чооң ыраазычылык билдиребиз.»

Мектептин организатору Камбарали кызы Гулназ: -«Мен да кабинеттин жаңыланганын көрүп аябай ыраазы болдум. окуучулар таза, кооз, заманбап класста билим алып жатышат. Класстын эшиги да жаңыланган. Мен Темиров Нурканбек агайга ишине ийгилик, дайыма жаш муундар үчүн талыкпаган эмгегин арнап жүрө берүүсүн каалаймын. Ушундай демөөрчүлөр көп болсо демекмин»

Даярдаган: Тажибеков Марлес

Редактор: Мелисбек уулу Тимурлан