“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мектептеги күз жарманкеси.

12 Октябрь 2018 жыл 12:16
Көрүүлөрдүн саны: 156

Күз берекенин мезгили.

Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында күз жарменкеси болуп өттү. Жарменкеге 5-класстын окуучулары катышып, аларды мектептин эмгек мугалими Токтогулова Алтынай жетектеди.

Токтогулова Алтынай эжекенин айтымында: » Жарманкени уюштурууда мен 5-классты тандап алдым, себеби өтүлүүчү сабагыбыздын темасы ушундай болчу. Жарманкеге окуучулар кызыгуу менен катышып, айылда өскөн жер жемиштен тартып, мөмө жемишке чейин алып келип көрсөтүштү»

«Бизде  жарманкени укканда эле аябай кызыгуу пайда болду. Анан мен үйүмө барып бизде бакчада өскөн пияз, картошка, алма, кайналыны алып келип жарменкеге койдум.»- деп билдирди 5-класстын окуучу Садыкова Рушана.

Анаркулова Роза: «Мен бакчамда өскөн картошканы  жарманкеге алып келдим. Картошканын баасын дүкөндөрдөн карап койдум.»

5-классынын окуучусу Самиранын айтымында: «Жарменке аябай кызыктуу болду. Эмдиги жылы да сөзсүз катышам» деди.

Даярдаган: Тажибеков Марлес

Редактору: Мелисбек уулу Тимур