“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мектепте ата-энелер чогулушу болуп өттү.

12 Октябрь 2018 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны: 39

С.Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушта мектептеги жетишкендиктер жөнүндө баяндаманы мектеп директору Давлет Омурзакова берди.

Окуу бөлүмүнүн башчысы Токтобаев Мараттын айтымында: » Мектептеги 2017-2018-окуу жылындагы олимпиададан биринчиликти алган окуучуларыбыз, ЖРТда эң жакшы балл алгандар, окуучулардын саны, класс коплектиси боюнча маалымат бердим.»

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Камбарали кызы Гулназ «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу» деген темада доклад окуп, түшүндүрүү иштерин жүргуздү.

Жыйналыштын соңунда окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа коюлуп берилди.

Даярдаган: Тажибеков Марлес

Редактору: Мелисбек уулу Тимур