Базар-Коргон районундагы каралбай калган парк жаңыланды.Базар-Коргон районунун так ортосунда жайгашкан парк 1990-жылдардан кийин кароосуз калган эле. Райондун 100 жылдыгына карата паркты оңдоп, жаңы темир тосолор менен парктын айланасы тозулду-деп билдирди аким Бегимкулов Айбек Карыбекович.
Райондун жашоочусунун айтымында: — «Паркты калыбына келтирип, темир тосмолор менен тосулганы, отургучтары оңдолгондугу чон иш. Себеби парк райондун көркүн чыгаруучу, эс алуучу жай болуш керек — деп билдирди Салима Султанова.
Паркты оңдоо иштерин жүргүзүүдө Базар-Коргон районунун 100 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча жумшалгандыгын айтып өттү райондун акими Бегимкулов А.К.
Даярдаган: ТажибековМарлес
Редактору: Мелисбек уулу Тимур