“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Бий бул кыймыл-кыймыл бул жашоо.

12 Октябрь 2018 жыл 13:03
Көрүүлөрдүн саны: 49

С.Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында бий кабинети ачылды.

С.Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында бий кабинети ачылды. Бий кабинетти Камбарали Кошалиевдин ысымына коюлуп, толук ремонттун анын үй-булөсү жасап берди.

Кызы Камбарали кызы Гулназдын айтымында»Мен көптөн бери мектепте бий кабинеттин ачууну ойлоп жүргөм, бирок классты толук ремонттон өткөрүп, бий кабинетине ылайыктоо чыгымын эч ким көтөрбөдү. Мектеп директорубуз Давлет Омурзакова бул кабинетти атамын атына коюп ремонттоп, бий кабинетин ачууну сунуштады. Ошентип кабинетти апам Рысбаева Айгул, сиңдим Кошалиева Алфиранын жардамы менен ачтык. Мен жалпы мектеп жамаатына жана директор Давлет Омурзаковага ыраазычылык билдирем»-деп билдирди.

Мектеп директору Давлет Омурзакова: «Мектепте бий кабинетин ачуу бул жакшы жетишкендиктердин бири. Бийге кызыккан окуучулар, бий ийримине катышып ушул жерде өтүшөт, райондук жана областтык деңгээлдеги сынактардан байгелүү орундарды алат деп ишенемин.»

Даярдаган: Тажибеков Марлес

Редактору: Мелисбек уулу Тимур