“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылынын 2017- жылындагы жетишкендиктери.

5 Июль 2018 жыл 12:29
Көрүүлөрдүн саны: 233

2017 жылы Ооган-Талаа айылына кызмат кылуучу жаңы трактор алынды жана Кара-Үнкүр дарыясынын дамбасы жаңыланды. Ошондой эле»Таза айыл,таза жашоо»- деген девиз менен айылдын эли,мектеп окуучулары,мамлекеттик кызматкерлер менен бирге тазалоо иштери жүрдү. 

Таштандыларды ташуучу машинаага ар бир үй айына 25 сом төлөйт.Ал машина алты айылдын таштандыларын ташыйт.

 

Кара-Үнкүр дарыясынын дамбасына 1000000 го жакын акча каражат сарпталды. Бул иш чаралар МЧС тарабынан каржыланды.

Айыл башчы Муктар Дөлдөевтин айтымында,

 

«Аймактарды өнүктүрүү жылында жыл башынан эле план коюлуп,ошол план менен иштеп жатабыз.»-деди Дөлдөев.

-«Айыл аймагындагы мектептердин мугалимдери арасындагы мелдештер болду.Мелдеште №17 С .Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жамааты жеңишке жетишти.29-июлда болсо » Айылым менин ардагым «аттуу  ыр кесе отту. Ушул иш чаралар,аткарылган иштер аймакты өнүктүрүүгө зор салым кошту деп ишенемин». -деди айыл башчы.

2018 -жылга койгон пландарыбыз, Базар-Коргондун 100 жылдык маарекесине кам көрүүсүн-билдирди Дөлдөев.

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу

Сынак үчүн.