“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

№17 Сатыбалды Далбаев мектеби ремонт болууда.

5 Июль 2018 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 244

Ооган-Талаа айылындагы №17 С. Далбаев мектебинде ремот иштери болуп жатат. Бул ремонт иштери жыл сайын жүрүп турат.

Азыр ремонт иштеринде 8 (сегиз) жумушчу иштеп жатат. Алар эртен менен саат 09:00до ишке киришишип, кайра саат 18:00до жумушун аякташат.

Шакир Алыкуловтун айтуусунда,

«Биз азыр мектепте ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул ремонттун краскасына, агина, шотка ж.б нерселерге 47 мин сом акча каражат сарпталды. Биз жыл сайын эле окуу бүткөң соң мектептин ремонтуна киришебиз.»-деди Алыкулов.

Экзамендер аяктаган соң ремонт иштери башталат. Ошондой эле жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептин ичи, сырткы айланасы тазаланып, ремонттолуп 2018-2019 окуу жылына даяр болот.

Даярдаган: Адилет Канат уулу.