“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында таштандыларды ташуу иштери ишке ашырылды

2 Апрель 2018 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 50

Ооган-Талаа айылындагы таштандыларды ташуу иштери быйыл ишке ашты. ЖМБнын кабарчылары айыл башчысы Муктар Долдоев менен маек курду.

Бул долбоор 2017-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан болчу. Мына быйыл 2018- жылы ишке толугу менен кирди. Жолдун четине алып чыгылган таштандыларды атайын таштанды ташуучу машина алып кетип жатат.

Бул таштандыларга ар бир кожолук эл айына жыйырма беш (25) сомдон толойт. Таштандыларды ташуучу машина алты (6) айылдын ар бир кочолоруно кирип жол четине алып чыгып коюлган таштандыларды ташыйт.

Айыл башчы Муктар Долдоевтин айтымында:

《Бул долбоорду биз 2017-жылдан бери тузуп келе жатабыз. Мына эми кудайым колдоп быйыл 2018-жылы бул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бул таштандыларды ташуучу машина могол айыл окуругундагы айылдардан ташыйт.》- деди Долдоев

Эми таштандыларды машина бир айда торт (4) жолу ташыйт. Элдерге «таштандыларды жол четине алып чыгып койгула»-деген эскертуулор элдик жыйында айтылган.

Даярдаган: Адилет Канат уулу