“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Руспубликага жолдомо алган жаш окуучу

31 Март 2018 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны: 154

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы номер 17 С. Далбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Тахмина Жекшен кызы математика сабагынан Республикага жолдомо алды. ЖМБнун кабарчылары Тахмина менен маек курду.

Тахмина 6-класста окуйт. Ал математика сабагынан олимпиадага райондук турга катышып биринчи орунду багынтты. Ошондой эле областтык турдан да биринчи орунду ээлеп республикага жолдомо алды.

Тахмина Жекшен кызынын айтымында,

-Мен райондон, областтан биринчи орунду алганда абдан кубандым. Мен учун олимпиада кыйынчылыкка турган жок. Мени озумдун класс жетекчим Зарина Орозова эжекейим даярды. Азырынча республикага даярдыктарым жакшы болуп жатат.

Олимпиада апрель айында Бишкек шаарында болуп отот.

Даярдаган: Бурулай Доолотбек кызы