“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Областтан экинчи орунду багындырып келген жаш бийчи

31 Март 2018 жыл 8:05
Көрүүлөрдүн саны: 31

Ооган-Талаа айылындагы номер 17. С. Далбаев мектебинин 9-классынын окуучусу Айсулуу Зулпукарова бий боюнча областтан экинчи орунду алды. Айсулуудан ЖМБнун кабарчылары бир нече суроолорго жооп алды.

Айсулуу «Айбийке» бий тобунун мучосу. «Айбийке» бий тобу алты кыздан тузулгон. Бийчилер классташтар. Алар бири бирин жакшы тушунушот экен.

Бул алты кыздын бироосу Айсулуу Зулпукарова районго бий сынагына катышып биринчи орунду алып областтка да жолдомо алган. Эми болсо областтан экинчи орунду багындырып келди.

Айсулуу Зулпукарованын айтымында,

— Мен райондон откондо областтка мени атайын бийчилер даярдады. Даярдыгым жакшы болду. Мени ушинтип даярдап экинчи орунга жеткирген мугалимдериме рахматымды айтмакчымын. Ошондой эле мени колдоп турган классташтарыма жана «Айбийке» бий тобунун мучолоруно да чон рахмат!-деди Зулпукарова.

Даярдаган: Айдана Курманбека