“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа мектебинин ашканасына алынуучу таза суу кудугу курулууда

13 Июль 2017 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 81

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы С. Далбаев атындагы мектептин аш канасына кирүүчү таза суу кудугу курулууда. Биз бул боюнча мектептин запкозу Шакир Алыкулов менен маек курдук.

Бул кудука жаңы окуу жылына карата мектептин ашканасына кирүүчү таза суу куюлат. Бул жерде 5 жумушчу иштейт.

Бул куруу иштерине айыл өкмөтү каржылап жатат. Бул иш-чараларга 25000 сомдун тегерегиндеги акча каражат сарпталды.

Мектептин запкозу Шакир Алыкуловтун айтымында,

«Негизи мектепте 2 кудук бар. Бирок ал 2 кудуктун суусун ичкенге мүмкүн эмес. Ошондуктан 3-кудук кылып таза суу куюлуучу кудукту куруп жатабыз»,-деди Алыкулов.

Даярдаган: Адилет Канат уулу                  Сынак үчүн