“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Биринчи май айылындагы чебер айым Бактыгүл Мамашова

5 Июль 2017 жыл 7:34
Көрүүлөрдүн саны: 160

Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айылындагы чебер айым Бактыгүл Мамашова өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен бөлүштү. Бул өнөр менен ал 10 жылдан бери алектенип келе жатканын айтат.

Бактыгүл Мамашова кичине кезинен эле чеберчилик кружокторго катышкан. Жаш кезинен эле курак курап, кемзир бычып, көйнөк тигишти билчү. Турмушка чыккандан кийин үйдө тиге баштаптыр.

«Мен үйдө 2 жолду пайдаланам. Заказ менен да тигем, эгер заказ жок болгон учурда тиккен буюмдарымы базарга алып барып сатыка коём,»-дейт ал.

Азыркы мезгилде көбүнчө улгайган аялдардын кемзир көйнөгүн, жаш кыз-келиндердин жайкы көйнөктөрүн тигип акча табат.

Көйнөктөрдүн баасы 350сомдон 1500гө чейин, ал эми кемзирлердин баасы 800дөн 2000ге чейин жетерин айтат.

«Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм, себеби мага жагат. Мен кесибимди жакшы көргөндүктөн кызыгуу менен иштеп келем. Келечекте кызыма да үйрөтөйүн деген үмүтүм бар,»-деп айтты Мамашова.

Даярдаган: Адилет Канат уулу

Сынак үчүн