“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылынын маданият үйү ондолуп жатат

21 Июнь 2017 жыл 19:44
Көрүүлөрдүн саны: 159

Ооган-Талаа айылындагы маданият үйү ремонт болуп жатат. Бул боюнча биз маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.


Бул ремонттун себеби стим грантка проект жазып женип алып ошол боюнча ремонт болуп жатканын Осмоналиев билдирди.

Тайир жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Бектур Акматовтун айтымында,

Жалпысынан 140квадрат метр пол берилген. Бул полду орнотуп бүттүк. Терезелерди жана эшиктерди алмаштырабыз. Ичи сырты толугу менен ондолот, чатыры жаңыланат. Бирок 2 бөлмө ремонт болбойт. Ал ондолбой калган 2 бөлмөгө кийинки жылы проект жазса ондолушу мүмкүн. Бул 2 бөлмөгө 400 000дин тегерегиндеги акча каражат сарпталат.

Бул ремонт иштери 2017-жылдын июнь айында башталды. Бул ремонтко 1077980сом акча каражат сарпталып жатат анын ичинен 189499сом акча каражат могол айыл өкмөтүнүн бюджетинен алынды жана негизги бөлүгүн финансы министирлиги каржылап жатат. А калгандарына болсо стим грант салымын кошуп жатат- деди Акматов.

Маданият уйунун башчысы Байыш Осмоналиевтин айтымында,

Бул ремонт негизинен толук ремонттолбойт 80% гана ондолот. себеби чийилген рамкадан чыкпай иштеши керек. Миласы: полдору, шыбы, терезелери, эшиктери алмашат, чатыры алмашат  жана эки уч бөлмөсү ондолот-деди Осмоналиев.

Бул жерде 8 жумушчу иштейт. 4 жумушчу ички бөлүгүн ондосо 4 жумушчу чатырын алмаштырат. Анан дагы кошумча 3 жумушчу келерине токтолду Акматов.

Даярдаган: Адилет Канат уулу

Сынак учун