1987-жылкы бүтүрүүчүлөр өз мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн белек кылышты.
Бул демилгени 1987-жылкы бүтүрүүчү классынын кыздары алышып, мектептин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн тиктирип беришти. «Алты көйнөк баш кийимдери менен жалпы жыйырма мин сом болгонун билдирди»- Римма Рысбаева
Ал эми ушул мектептин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектептин курулушуна иштеткени 2 тонна цемент алып беришти.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу