“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Окуучулар арасында өткөн биринчи жардам көрсөтүү мелдеши.

5 Июнь 2017 жыл 8:06
Көрүүлөрдүн саны: 99

Кызыл крест жана кызыл жарым ай коомунун окуучулар үчүн өткөргөн мелдеши.

Жалал-Абад шаарында Кызыл крест жана кызыл жарым ай коому уюштурган окуучулар арасында биринчи жардам көрсөтүү боюнча мелдеш болуп өттү.

С.Далбаев атындагы №17 гимназия мектебинен беш окуучу катышты. Алар биринчи жардам көрсөтүү боюнча атайын даярдыктан өтүштү.

Жалал-Абад областынан 11 команда катышып, биринчи орунду Жалал-Абад шаарынын №9 мектеп-гимназиясынын командасы ээледи.

Командаларга ар түрдүү тапшырмалар берилип, бааланды.

Мелдештин аягында окуучуларды даярдап алып барган мугалимдерге жана окуучуларга белектер берилип, сыйланды.

«Бүгүнкү мелдеш аябай жакшы өттү.  Биринчи жардам көрсөтүүнү окуучулар үйрөнүп, жардам бере алышат»-деп билдирди Камбарали кызы.

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу

Редактору: Адилет Канатбек уулу