Мектепти бүткөнүнө 62 жыл болгондон кийин өз мектебин сагынып келген Красюков Григорий Вячеславович.
№3 «Кызыл-Октябрь» атындагы орто мектептин ак босогосун 1955-жылы аттаган Красюков Григорий Вячеславович ушул мектептен 8-классты бүтүп, Москва шаарына окууга кеткен.Арадан 62 жыл өткөндөн кийин өз мектебине Москва шаарынан келди.
Мектепке келип классына кирип, бала чагын эстеп, көзүнө жаш алды.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери менен жолугушуп терен ыраазычылык билдирди. » Мектепке музыкалык аппаратура жана ноутбук белек кылып, кечелерди дайыма ушул аппаратура менен өкөрүшсүн»- деп билдирди Красюков.
Автор: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу