Мектептеги кыргыз тилим менин дилим аттуу сармерден.
«Сармерден кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Фарида тарабынан даярдалып эн жакшы денгээлде өттү» деп билдирди Буйгаева.
Бул иш чарага 8-7-класстарынын окуучулары кыз-жигиттер тобуна бөлүнүп алышып саламдашуу, макал, акыйнек, жанылмач айтышуу, кыргыз бийлери жана ырлар менен коштолду.
«Сармердендин негизи максаты кыргыз тилин өнүктүрүү болгондуктан ырлар, саламдашуулар ушул багытта болду»-дейт орус тили мугалими Полот Тиркешов.
«Ушундай иш чаралар тез-тез өтүп турсун. Окуучулар аябай жакшы өзүнө керектүү маалыматтарды ала алды»- деп билдирди Момкеева.
Сынактын соңунда кыз жигиттер бирдей орунду ээлегендигин жана аябай жогорку денгээлде даярданып өтүп бергендерин калыстар тобу белгилеп кетишти.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу