«Мен кыргызстандыкмын-кыргыз болгонума сыймыктанам» аттуу сынак Базар-коргон районунда окуучулар арасында өттү.
Базар-Коргон районунун «Балдар жана өспүрүмдөр»уюмунун жетекчиси Жумалиев Зулум » Бул сынак окуучулар арасында патриоттук сезимдин ойгонушуна жана алар Кыргызстанда жашаганына сыймыктанганын көрсөтүү үчүн уюшулду»-деп билдирди.
Ыр-бий сынагына райондогу 67 мектептен катышышты.
№17 С.Далбаев мектебинен Карыбекова Жайлоокан, Калдарова Алтынкыз, Кубанычбек кызы Мираида, Камчыбек кызы Айсулуу катышып, байгелүү орунду алып кайтышты.
Роза Саркарованын айтымында — «Бул сынактан окуучулар бири-бири менен достошуп, дагы бир жолу Кыргыз болгонуна сыймыктанганы көрүнүп турду.»
АВТОРУ: ТИМУРЛАН МЕЛИСБЕК УУЛУ
РЕДАКТОРУ: АДИЛЕТ КАНАТ УУЛУ