Башталгыч классынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу. менторлордун тренерлеринин потенциалын өнүктүрүү.
Мурзапарова Айнура-Жалал-Абад областык «USID» «Бирге окуйбуз» долбоорунун мобилизаторунун айтымында бул проект окуучулардын китепти окууга болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттыруу болуп саналат.
«Бүгүн Базар-Коргон районундагы №30 Ө.Атабекова мектебинде бирикме жетекчилерине жана окуу бөлүмүнүнүн башчыларына тренинг өтүп жатабыз»- деп билдирди Атамбаева.
Жалал-Абад областынан келген тренер Сонунбү Асанованын айтымында:
«Биздин максат башталгыч класстагы окуучулардын китепке болгон кызыгуусу аны сүйүсүү. Долбоор иштегенден бери көп жакшы ийгиликтерге жетиштик»- деп билдирди Асанова.
Мугалимдер кызуу талкуу учурунда.
С.Далбаев атындагы мектеп гимназиясынын окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Камбарали к Гулназ төмөндөгүлөргө токтолду: Биздин мектеп эң алдынкы төрт мектептердин арасында болгондуктан алдынкы мектептерге жомок китептерин «USAID» тарабынан белек кылышты.
Ошентип тренин соңунда көптөгөн керектүү маалымат алдык деп мугалимдер ыраазы болуп,мектепте ушул көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барышаарын айтышты.
АВТОРУ: Тимурлан Мелисбек уулу
РЕДАКТОРУ: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн