базар-коргон районуна караштуу чкалов айылынын тургуну улакчы санжар абдашим уулу. ал качантан бери улакка кызыгат? кандай байгелердин ээси? улакка чапкан атынын аты ким? канча улакка катышкан? деген суроолорго жооп алдык.
санжар абдашим уулу 1991-жылы 14-февралда чкалов айылында туулган. санжар кичинесинен эле кыргыз элинин улуттук оюну «улак чабышка» кызыгып келет.
улакчы санжар абдашим уулунун айтымында,
» менин улакка кызыгуума атам абдашимдин таасири чоң. атам чоң улакчы болгон. мени дайыма өзү менен кошо алып жүрүп бул оюнга болгон кызыгуум күчөдү. менин улакка чапкан атымдын аты » бурул «. мен көптөгөн улак оюндарына катыштым. правда айылында болуп өткөн улак оюнунда «жигули» автоунасын жеңип алдым», — деп билдирди абдашим уулу.
» ал эми силер көрүп турган топоз менен тайды 2017-жылдын 15-январь күнү «кыргоо» айылындагы депутатар уюштурган «улак» оюнунан жеңип алдым. мен бул утуштарымдын баарын атама арнаймын. атамдын кесибин улантканыма аябай кубанам. атам дүйнөдөн кайтып калган. өзү көрбөсө да асманда учуп жүрүп кубанып, мени менен сыймыктанып жаткандыр балким….», — деп билдирди абдашим уулу.
автору: тимурлан мелисбек уулу
редактору: адилет канат уулу
сынак үчүн