“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-талаа айылында латок курулууда.

1 Декабрь 2016 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 80

Ооган-талаа айылында курулуп жаткан латок иши кар жаагандыгына байланыштуу куруу иштери токтоп калды.

 

dscn7996

Могол айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Дөлдөев Муктарбектин айтымында:

Бул латоктун курулушунун себеби, бизде Ооган-Талаа айылында 2016-жылы май айында каттуу сел жүргөн. Ошол селдин айынан көптөгөн ички арыктар иштен чыккан. Бизде Талжырга, Үч-Кол, Оробашы, Как коктулардан түшкөн селдер айыл ичине түшүп бир канча кыйынчылыктарды жаратты.

dscn7998
-Анан ошол кезде МЧС тен, акимчиликтен адамдар келишти. Алар менен губернатор да келди. Аларга биз ички арыктарды оңдоо маселесин койгонбуз. Эгерде ички арыктар оңдолсо, аны тазалоо да суунун агышы да оңой болмок. Могол айыл жумушчулары, МЧС жана кызылай коому менен биргеликте семинар өткөздүк. Ошол семинарда кызылай коому 450м жерге латок курууну каржылады. Ошол себептен латок куруп жатабыз.

dscn8000Биз берген сунуштан кийин материал кышка жакын келип калды. 100м жерге латок кургандан кийин каар жаап калып,курулуу иштери токтоп калды. Күн ачылып ысыса кайра куруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жалпы элге менин кайрылуум. Ушул Ооган-талаа айылынын тургундарына. Ынтымактуу болуп биргеликте иштешсек ички арыктарды жана башка иштерди убагында бүтүрө алмакпыз.

автору: кушбак таирбек уулу

Редактору:заирбек таирбек уулу

сынак үчүн