“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Сезондун мөмө-жемиш бизнеси

24 Август 2016 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 184

Ооган-Талаа айылында жай мезгилинде гаражда мөмө-жемиштерди алып кургатышат. Элден жемишти беш сомдон сатып алаарын айтат Укубаев.

image

image

Абдуманап Укубаев бул иш менен үч жылдан бери алектенип келет. Ал алма, кайналы, алат. Мөмөлөрдү алгандан кийин тазалап жууп, аны коон тилик кылып, как кылып кургатышат. Мөмөлөр тез кургап как болушу үчүн күнгө жайышат.

image

image

Гүлзар Шамшиеванын айтымында бул жерде как жайып иштейт. «Айлык маянам күнүнө 300 сом, тапкан акчама балдарыма кийим-кечек, тамак-аш алып барам», — дейт ал.

image

Ал эми Ирода Иброгимова ата-энесине жардам берүү үчүн бул жерде иштерин айтат. Ал иштегендин кыйынчылыгы жок экенин билдирди. «Күнүнө жүз килограммдан, кээде сексен жарабыз, эртең менен 8:00де келип кечинде 9-10дордо кетебиз», — деди Ирода.

image

image

image

Автору: Айданек Кубанычбек кызы, Зияда  Дөөлөтбек кызы
Редактор: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн
Телефондон жазылды