Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жаңгак терим жакындаган сайын уурулук каттала баштайт. Бул тууралуу Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жаңгак уурдагандарга карата 2000 сомдон айып пул салына турганы чечилген.
Айыл аймагы боюнча ар бир кожолукка 10 түптөн 100 түпкө чейин жаңак бөлүнүп берилген. Элдер бир түп үчүн бактын көлөмүнө карап 60 сомдон 100 сомго чейин акча төлөшөт.
Жаңак терим 10-сентябрдан башталат. Могол аймагынын жаңак токойдун аянты эки жарым миң чарчы километр.
Автору: Айтурган Үсөн кызы, Айдай Ормон кызы
Редактор: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн
Телефондон жазылды