Ооган-Талаа айылындагы №17 С. Далбаев мектебинде ремонт болуп жатат. Ремонтту окуучулар гана кылбай, мугалимдер да жардам берүүдө.
Ошол мектепте чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген Алыкулов Шакирдин айтымында, ар жылы 3 ай каникул убагында ремонт болуп турат экен.
Негизи ар бир мугалим өзүнүн классынын ремонтуна жооп берет, ошондуктан окуучулар менен мугалимдер чогуу мектептин ички бөлүгүн актап, краскалап оңдошот.
Бизде 13-тех жумушчулар бар ошолор менен бирге калган иштердин баарын өзүбүз тазалап мектептин тех жумуштарын аткарып чыгабыз.
Ал эми ремонтко кеткен каражатты бизге окуучулардын санына жараша кылып жогоруу жактан бөлүп беришет. Оңдоо иштерине кеткен нерселердин баары толугу менен бизге келип турат-деп айтты Алыкулов.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик БообековаСынак үчүн