Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылындагы №16 К.Рахманов мектебинде ремонт болуп жатат. Ремонтко кеткен бардык каражаттар айыл өкмөт, район тарабынан каралат.
№16 Козубай Рахманов атындагы орто мектебинде запхоз болуп иштеген Ислам Сабировдун айтымында, быйылкы ремонт мурдагы ремонттордон караганда жакшы жүрүп жатыптыр.
Жылда 3 ай каникул убагында кылынган толук ремонттун керектүү нерселери жана ошондой эле курал жарактары район жана айыл өкмөт тарабынан келтирилет.
Жылда ремонтту окуучулар кылышат эле бирок быйыл мугалимдер да жардам беришип ремонт тез болуп жатат, 3-4 күндүн ичинде оңдоо иштери бүтүп калат -деп айтты Сабиров.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик БообековаСынак үчүн