Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылындагы N16 мектебине спорт зал курулууда. Заманбап спорт залды куруу үчүн азыркы учурда 2 700 000 сом каражат сарпталды.
Ошол мектептин директору Айнагүл Жолдошованын айтымында, спорт зал мамлекет тарабынан курулуп жатат экен. Учурдагы курулуп жаткан спорт залга 27000000 сом каражат кетти.
Курулуш иштери 2016-жылдын жаз айында башталган жана ошондой эле келишим боюнча август айынын 15 де бизге ачкычын бериши керек -деп айтты Жолдошова.
Курулуш иштери боюнча чоң башчы Бахадыр Турсуновдун айтымында, бул жерге келишим боюнча Ош облусунан 2016-жылдын жаз айында келген экен.
Бул спорт зал азыркы кездеги толук талапка жооп берерлик заманбап залдардын бири. Ичинде раздивалка раковиналар менен кошо курулуп жатат.
Биз бул ишти алып жатканыбызда келишим түзгөнбүз эми ошол келишим боюнча ушул жылдын август айында бардык нерсесин бүтүрүп ачкычын тапшырабыз- деп айтты Турсунов.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды