“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында чач тарачуу иш кана ачылабы?

25 Июнь 2016 жыл 4:46
Көрүүлөрдүн саны: 61

Ооган-Талаа айылынын тургундары «айылга чач тарачуу иш кана куруу маселесин айыл өкмөт жакшылап карап чыкса болмок, себеби башка айылдарда бар бизде жок» деп айтышты. ЖМБ дун кабарчылары сиздер менен бирге.

Бул маселе туралуу биз Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Дөлдөев менен маек курдук.

 

Саламатсызбы, биз ЖМБ дун кабарчылары айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоодо тургундар чач тарачуу иш кана тууралуу айтышты бул маселе тууралуу эмне дейсиз?

Айыл тургундары туура эмес айтышыптыр. Бир жыл мурун Ташматова Марина деген эжекей долбоор жазып, долбору өтүп чач тарач, бут кийим оңдооч, аялдар үчүн тигүчү машиналарды алып келип 3 ишкана ачкан.

Анда эмне себептен ал ишканалар азыр иштебей калды?

Ошол кезде цех менен бут кийим оңдоочуга кадр табылбай бир гана чач тарач иштеп жаткан эле. Ал адам да 1 айдан кийин «мен иштей албайт экем, таныш адамдар келип акчасын кийин берем деп чачтарын кыскартып кете беришет, биздин айылга чач тарач ачуунун кажети жок экен тапкан  акча менен расход да акталбай жатат» деп иштен чыгып кеткен.

Кадр таап кайрадан ишкана ачса болобу?

Албетте болот, керектелүүчү буюмдардын баары бар. Мен иштейм мен бул иштерди алып кете алам деген адам болсо гана. Эгер тургундардын ичинен ошондой дей турган адам чыкса анда биз кайрадан ошол ишканаларды ачып беребиз.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды