“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында токойлор кыйылууда

15 Июнь 2016 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны: 47

«Айылда токойлор кыйылып жатат, бул маселени лесхоз көрүп карап чыкса жакшы болмок» деп айтышты айыл тургундары. Бул маселе тууралуу лесхоздун инженери Тайирбек Аскаров менен маек курдук.

Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда айыл тургундары токойлорду айтышты. Сиз бул маселе тууралуу эмне дейт элеңиз?

image— Ооба, айыл тургундары туура айтышыптыр чынында токойлор кыйылып жатат. Күз мезгили келгенде эле токойду кыя башташат.

Токойлор өзү чыкканбы? Же айыл тургундары көчөт өстүргөнбү?

— Бул токойлор бизге жаратылыш тарабынан берилген, мындайча айтканда табигый. Бирок азыркы кезде токой кыйылып, бак-дарактар азайып кеткен. Ошого байланыштуу биз мурунку дарактардын ордуна көчөт эгип жатабыз.

Токойлорду кыйууну кантип токтотсо болот?

— Албетте болот. Токтотунун жолдору көп. Мисалы: кыш мезгилине айыл тургундарды көмүр менен камсыз кылуу керек. Анан токойчу да токойду коруйт, карайт, бирок бир адам кайсы жагын карап жетишмек эле.

Токойду кыйып жаткан адамдарды кармап алсаңар кандай жазаларды колдоносуңар?

— Кармалып калган адамга жаза түрүндө салык салынат.

Ал адамдар канча салык төлөшөт?

— Эми ар түрдүү кыйган дарактарына каралат, негизи 10 миңден 15 миң сомго чейин.

Анда бул токойду кыюуну токтотуу иштерин качан баштайсыздар?

— Токтоту иштери болуп эле жатат. Кыйуу 60 пайызга азайды иш чараларды жүргүзгөндөн кийин. Биз да токойду сактап калуу үчүн колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды