Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май мектебиндеги тарых музейине саякат. ЖМБ дун кабарчылары сиздер менен болмокчу.
Ошол мектепте директордун орун басары болуп иштеген Калдарбек Бапиш тин айтымында, бул мектеп Шарап Жапыков тарабынан 1991-жылы курулуп 1994-жылы пайдаланууга берилген экен.
Негизинен мектепте 61 мугалим 703 окуучу окуйт. Мектептин билим сапаты абдан жакшы. Олимпиадаларда сынактартарда республикалык деңгээлге жеткен окуучулар бар.
Андан да эң башкысы мектептин ичинен тарых музейи орун алган. Музейдин ичинде тарыхка байланыштуу буюмдардын баары бар.
Ар бир жаран өзүнүн тарыхын билиши керек. Негизи быйыл тарых жана маданият жылы деп белгиленди ошого байланыштуу музейге окуучулардан башка да тургундар да келип көрүп кетип жатышат.
Ошол себеп биз тарых музейибизди кеңейтип башка буюмдарды да алып келели деп жатабыз- деп айтты Калдарбек Бапиш .
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды